Камчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келетАзия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
Жалал-Абадда мыйзамсыз сакталган 13 ок атуучу курал алынды
23.03.2020 | 12:32
Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз курал сактагандарга карата жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 13 даана ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.
Алынган куралдардын 12си сайсыз ок атуучу курал, бирөө травматикалык тапанча.
“Жарандар куралдарды чоң атасынан калып кеткендигин, же таап алышкандыктарын айтып, куралдарды өз ыктыярлары менен тапшырышты”, – деп жазылат маалыматта.
Жыл башынан бери ок атуучу куралга байланышкан – 54 факты аныкталган болсо, былтыркы жылы бул көрсөткүч – 51ди түзгөн.
иллюстрациялык сүрөт
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар