Жалал-Абадда веложүрүш өтөт. Катышууну каалагандарга 2 талап коюлду

Жалал-Абадда веложүрүш өтөт. Катышууну каалагандарга 2 талап коюлду

Жалал-Абад шаарында “Ден соолук” аттуу веложүрүш өтөт. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, веложүрүштү Славян диаспорасы Жалал-Абад шаардык мэриясынын көмөгү менен уюштурууда. Спорттук иш-чара 4-апрель күнү саат 10:00дө башталып, Барпы театрынын алдынан жөнөп кетишет.

“Катышууну каалагандар өздөрү менен кошо велосипед жана велошлем алышы керек. Жүрүшкө чыккандар тез жардам жана жол коопсуздугун көзөмөлдөө органдарынын коштоосунда болот”, — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>