Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Жалал-Абадда жер титиреди
24.07.2023 | 09:00
Жалал-Абад облусунун аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 23-июлда саат 20:25те катталган.
Жер титирөө Сузак районунун Орток, Кара-Алма айылдарында 3 балл, ал эми Сары-Булак, Ак-Тоок, Таран-Базар, Сай, Жоон-Күнгөй айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом