Жалал-Абадда Туристтик сезонго байланыштуу «Жүргүнчү ташуучу транспорт» аттуу рейд башталды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Айбек Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, рейд жол кырсыгынын алдын алуу максатында 16-июлдан 25-июлга чейин өткөрүлөт.
Жол кыймылынын кызматкерлери бардык айдоочуларга, аба ырайынын кескин түрдө ысыганына байланыштуу жолдо жүрүүдө сапаттуу дөңгөлөктөр менен чыгууга жана ошондой эле жол эрежелерин так сактоого чакырат.