ЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен баратСадыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлат
Жалал-Абадда жол кырсыгынын алдын алуу максатында рейд башталды
17.07.2019 | 18:10
Жалал-Абадда Туристтик сезонго байланыштуу “Жүргүнчү ташуучу транспорт” аттуу рейд башталды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Айбек Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, рейд жол кырсыгынын алдын алуу максатында 16-июлдан 25-июлга чейин өткөрүлөт.
Жол кыймылынын кызматкерлери бардык айдоочуларга, аба ырайынын кескин түрдө ысыганына байланыштуу жолдо жүрүүдө сапаттуу дөңгөлөктөр менен чыгууга жана ошондой эле жол эрежелерин так сактоого чакырат.


Рубрики: Жаңылыктар, Коом