Жалал-Абаддагы №1 мектепке кошумча имарат курулууда

Жалал-Абаддагы №1 мектепке кошумча имарат курулууда

Жалал-Абад шаарындагы М. Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясына кошумча окуу корпусу курулуп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мектептин кошумча имараты 3 кабаттан туруп, 375 орунга ылайыкташылган. Учурда имараттын курулушунун 34 пайызы аяктап калды.

Мэриядан белгилешкендей, имараттын курулушу 2022-жылы башталган.

Окуу жайдын имаратынын курулушуна 75 млн 317 миң сом бөлүнгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>