Ташкентте жасалма жол менен жамгыр жаадырылат — президент жарлыкка кол койдуМурдагы депутат Шайырбек Ташиев «Кыргызнефтегаздагы» коррупция иши боюнча кармалдыБишкек шаардык кеңеши борбордогу 20га жакын көчөнүн атын өзгөртүүнү жактырды: тизме жана чоо-жайы«Cool Bros» компаниясынын көйгөйү чечилди. Ишке президент кийлигиштиАлыскы Зардалы айылына кичи футбол аянтчасы курулуудаБаткен жана Фергана облустары соода-экономикалык, илимий-техникалык тармактарда кызматташат
Жалал-Абаддагы «Береке» базары жабылуу алдында турат
03.04.2023 | 16:56
Жалал-Абаддагы «Береке» базары жабылуунун алдында турат. Буга аталган базардын сатуучулары менен кардарлар тарабынан ыңгайлуу шарттардын жоктугу боюнча даттануулар себеп болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Белгилей кетсек, аталган базарда суу өтүүчү арыктарды соодагерлер жаап алган жана ички жолдору талапка жооп бербейт. Мындан сырткары унаа токтотуучу жайлары да жетишсиз болууда.
“Жогорудагы жагдайларды эске алуу менен базардын жетекчилигине 10-апрелге чейин мөөнөт берилди. Кардарлар үчүн зарыл шарттар түзүлбөсө, “Береке” базары 10-апрелден тарта жабылат”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом