Баткендин тургунун 119 миң сомго алдап кеткен жаран кармалды

Баткендин тургунун 119 миң сомго алдап кеткен жаран кармалды

Баткен облусунда алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу облустук милицидан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Кара-Булак айылынын төрт жараны 2022-жылдын октябрь айларында “К” аттуу жаран алмаларды дүң баада баалашып алып, “азыр банктан акча алып келип беремин” деп изин жашырып кеткендигин билдирип, арыз менен милицияга кайрылышкан. Жалпы жабырлануучуларга 119000 (бир жүз он тогуз) миң сомго зыян келтирилген.

Жогорудагы арыздар Баткен РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, алдап кеткен жаранга издөө иши ачылган.

Баткен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө жүрүп, 2023-жылдын 2-апрель күнү издөөдө жүргөн, мурда бир нече жолу соттолгон Кадамжай районунун 28 жаштагы К.А. аттуу тургуну Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жеринен аныкталып, Баткен шаарына алынып келинди.

Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

издин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>