Жалал-Абаддагы «Кең-Сай» чек ара бекетинде кримтоп кармалды

УКМКнын маалыматына ылайык, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы «Кең-Сай – автожол» көзөмөл-өткөрмө пунктунда иш жүргүзгөн кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Маалыматтарга караганда, Т.А.И. (каймана аты «Тайсон») жана анын иниси И.у.К. (каймана аты «Кудаш») жеке ишкерлерге системалуу түрдө кысым көрсөтүп, криминалдык идеологияны жайылтып, чек ара жана бажы кызматкерлерине коркутуулар менен тоскоолдук жараткан.
Мындан тышкары, алардын дары-дармек, тамеки, уюлдук телефондор сыяктуу товарларды аткезчилик жолу менен ташууга жана Өзбекстандан келген эмгек мигранттарын мыйзамсыз ташууга тиешеси бар экени аныкталды. Кармалгандар мигранттарды коркутуп, көзөмөлүндөгү таксилерге күчтөп салып, ашыкча жол кире талап кылышкан.
УКМК жабыр тарткандарды ишеним телефонуна кайрылууга чакырат: WhatsApp – 0995 012210.