Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылатБишкектин Калыс-Ордо конушуна 650 орундуу жаңы мектеп салындыКытай менен чек арадагы көпүрө Кыргызстанга болжол менен $1 млн чыгым болушу мүмкүнБазар-Коргондо лицей окуучуларына мыйзамсыз аттестат берилген. Башкы прокуратури иш козгодуАдылбек Касымалиев Кытайга иш сапары менен барат«CYBERNOMAD FEST 2026»: Бишкекте улуттук кибермашыгуулар башталды
Ысык-Көлдө ЖККУнун «Рубеж-2025» машыгуулары уланууда
20.09.2025 | 12:34

Ысык-Көлдө ЖККУнун «Рубеж-2025» машыгууларынын активдүү фазасы өтүп жатат.
Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чарага ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков, уюмдун башкы катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков, Кыргызстандын коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев жана башка расмий адамдар катышууда.
Маневрларга армиянын бөлүктөрү, учкучсуз учуучу аппараттар, бронетранспортерлер жана согуштук катерлер тартылган. Жалпысынан 500гө жакын аскердик техника жана 1200 аскер кызматкери машыгууда.
Сценарий боюнча, аскердик күчтөр кыргыз аймагына кирген куралдуу топторду жок кылып, чек арадагы көзөмөлдү калыбына келтирүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом