Камчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын сүрдүрүүнү тапшырдыБШК Жогорку Кеңешке жаңы шайланган талапкердин эсине салдыСадыр Жапаровдун уулу жана экс-спикер Марат Султанов жаңы банктын негиздөөчүлөрү болуштуБишкек ЖЭБинде кышка көмүр жетиштүүбү? Мекеме жооп берди«Мугалим буюм эмес». Кесиптик бирликтер Садыр Жапаровго Эдил Байсаловдун үстүнөн арыздандыЧүйдө аялын сабап, өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
Жалал-Абаддын башчысы Транспорт министринин милдетин аткарат
11.07.2024 | 16:00
Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Аталган аймакты жетектеп келген Абсаттар Сыргабаев Бишкекке которулуп, ал транспорт министринин милдетин аткарат.
Тилек Текебаев 2022-жылы министр болуп дайындалган.
Абсаттар Сыргабаев болсо 2020-жылдан бери облусту башкарып келген. Ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы экендиги айтылып келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом