Жалдагы үрөй учурган мушташ. Айыпталуучулар 10, 11 жылга эркинен ажыратылды

Жалдагы үрөй учурган мушташ. Айыпталуучулар 10, 11 жылга эркинен ажыратылды

Бишкектеги Жал кичи районундагы үрөй учурган мушташтын айыпталуучуларына Ленин райондук соту чечим чыгарды.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан Reporter.kg’ге кабарлашкандай, сот Кылмыш-жаза кодексинин 39-130 з-1, 2 б.2, 3, 4, 9, 11-беренелери боюнча айыпталып жаткан Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбековдун ишин карады.

Райондук соттун 2020-жылдын 27-августундагы өкүмү менен айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, Жаныбек Бапышовду 10 жылга, ал эми Каныбек Сейитбековду 11 жылга эркинен ажыраткан.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 28-августунда Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде эки эркек киши сабалган. Шектүүлөр издөөгө алынган. 6-сентябрда кылмышка шектүүлөр милицияга өз ыктыярлары менен барышкан.

Сабоо боюнча шектүүлөрдү жашырып жаткан жеринен кармалган милиция кызматкерлери кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийин алар үй камагына бошотулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>