Кыргызстан 2030-жылга чейин ЕАЭБдеги интеграциянын артыкчылыктуу багыттарын аныктадыТүркияда Чыңгыз Айтматовдун урматына арналган эскерүү иш-чаралары өттүКыргыз-гана кызматташтыгы жолго коюлууда: Гананын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келдиЖК комитети кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтүн кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алдыОшто далилдерди бурмалоого шектелип, милиция кызматкерлери кармалдыСалык кызматы турак эмес мүлккө салык төлөөнүн мөөнөттөрүн эскертти
Жамалбек Ырсалиев үчүнчү жолу вице-мэр болуп дайындалды
14.05.2024 | 11:17
Жамалбек Ырсалиев кайра Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койду.
Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелген мурдагы вице-мэр Марат Сазыкуловдун ордуна келди.
Жамалбек Ырсалиев буга чейин эки жолу вице-мэрлик кызматын аркалаган.
Алгач 2020-жылдын 29-октябрында дайындалып, кийинки жылдын июнь айында бошотулган. Экинчисинде болгону эки ай мэрдин орун басары болуп (25-март – 10-май 2022-жыл) иштеген.
Андан кийин «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасын жетектөөгө которулган.
2021-жылдын июль айында ырчы Самара Каримова жана анын күйөөсү менен Ош – Бишкек жолунда жол кырсыгына кабылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом