Бишкекте вице-мэр муниципалдык жерди курулуш компанияга берип жиберген

Бишкекте вице-мэр муниципалдык жерди курулуш компанияга берип жиберген

Бишкектин вице-мэри Марат Сазыкулов 11-майга чейин камакка алынды. Бул тууралуу  Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Аткаминерди УКМК кармаган. Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө.

Марат Сазыкулов курулуш компанияларын кызыкчылыгын коргоп, коррупциялык схеманы уюштурган.

“Ал шаардын так ортосунан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин ак ниетсиз ишкердик субъектине бөлүп берүү боюнча көрсөтмө берген. Аталган жер тилкесинин базар баасы бүгүнкү күндө 200 миң АКШ долларын түзөт”, — дейт УКМК.

Андан тышкары мыйзамсыз курулган 300 чарчы метр болгон  коммерциялык объектти демонтаждоого тоскоолдук жараткан.

Шаардагы борбордук аянтты көрктөндүрүүгө  17 миллион сомдун ордуна  6-7 миллион сом көрсөтүлүп, чыгым ашыкча суммага бааланган.

Вице-мэр менен бирге ишкер Т.Б.М. кармалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>