ЖАМК №1 тергөө абагындагы окуя боюнча түшүндүрмө берди

ЖАМК №1 тергөө абагындагы окуя боюнча  түшүндүрмө берди

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы №1 тергөө абагында болгон окуя боюнча түшүндүрмө берди.

Белгилей кетсек, 5-июндан 6-июнга караган түнү, аталган тергөө абагында шарактаган үндөр угулуп, камактагылар камералардын эшиктерин ургулап, абак админстрациясына нааразычылыктарын билдиргени айтылууда.

Бирок ЖАМК абакта эч кандай нааразычылык өтпөгөнүн айтып , камактагылар туулган күн тоскону тууралуу билдирүү тартты.

“Камактагылардын ичинен бир адамдын туулган күнү болгон. Алардын бири-бири менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, камеранын эшиктерин каккылап, туулган күн ээсине өз куттуктоолорун билдиришкен. Андан соң түрмө кызматкерлери “эс алуу маалын” жарыялап, баарын тартипке келтирген”, – деп билдирет ЖАМК.

 ЖАМК мындай көрүнүш дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөгү камак жайларында бар экенин кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>