Жанар Акаев: 35 депутатты бир мандаттуу округдан тандаганы калдык

Жанар Акаев: 35 депутатты бир мандаттуу округдан тандаганы калдык

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев мамлекеттик башкаруу формасы тууралуу үн катты. Ал жалгыз мандаттуу парламент күчтүү болгонун, бирок азыр андай шайлоо өтө турган болсо кайра эле эл жактырбай жаткан саясатчылар депутат болуп келип калбайбы деген оюн «Фейсбук» баракчасына жазган.

“Бир мандаттуу округдардан шайланып келген депутаттар чынында абдан күчтүү болчу. Азыркыдай элдин көңүлүнө көк таштай тийген шордуу, кошомат парламентти ал убакта элестете алчу эмеспиз. Ошол эле Дооронбек Садырбаев, Абсамат Масалиев, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Кубатбек Байболов, Дүйшөнкул Чотонов сыяктуу саясатчылар нагыз парламентарийлер эле, өкмөтү да, Президенти да Жогорку Кеңештен жалтактап турчу. Азыр жаштар Хабибдин мушташын же футболду сыналгынын алдында күткөндөй эле, эл чыгаан депутаттардын сессиясын күтүп көрчүбүз. Элүү жылда эл жаңы дейт. Азыр да 35 депутатты бир мандаттуу округдан тандаганы калдык. Бирок азыр башканы кой, Дооронбек Садырбаев, Абсамат Масалиевдер тирүү болсо, округдан утуп келет беле же ушундай инсандарды да контрабанда менен алек болгон акчасы көп улакчы, кени, базары бар бай киши, бажыда, салыкта иштеп кеткен дагы бир талапкер дейли, ошолор утуп алат беле? Азыр партия менен келген депутат үмүттү актабады дейли, бирок бир мандаттуудан ушулар эле келип алса, биз күткөн «чудо» болбой калбайбы деген суроо да. Же жакшы жылыш болобу?”, — деп суроо салган эле өкүлү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>