Жанар Акаев: Абалды чагылдырууга эл ишенип окуй турган ЖМКларга аккредитация берүү керек

Жанар Акаев: Абалды чагылдырууга эл ишенип окуй турган ЖМКларга аккредитация берүү керек

Бүгүн, 1- апрель Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев өлкөдөгү рейтинги жогору, эл ишенип окуган жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө да абалды чагылдырууга мүмкүнчүлүк түзүп, уруксат кагазы берилүүгө тийиш экендигин билдирди.

Азыркы учурда сиздер мамлекеттик ЖМКларга гана уруксат бердиңиздер. Бирок көпчүлүк көз карандысыз ЖМКлардан маалымат алат жана аларга ишенет. Ошондуктан мындай чектөө киргизилгени  туура эмес. Эгер журналисттерге уруксат бербесенер коомчулук фейк маалыматтарга ишенип отуруп калат”,-деди эл өкүлү.

Эл өкүлү Евгения Строкова өткөрүүчү пропуск конкреттүү адамдарга берилиши керектигин, болбосо башаламандык өкүм сүрө бере турганын белгиледи.

Мен өзүм күбө болдум.  Өткөрүүчү пукттардан пропускка ээ болгон бир айдоочу унаасына толтуруп алып адамдарды ташып жүрөт”, — деди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>