Жанар Акаев: Студенттердин стипендиясын 30%га көтөрүү керек

Жанар Акаев: Студенттердин стипендиясын 30%га көтөрүү керек

Жогорку окуу жайларда педагогигалык факультеттерде бюджеттик орундар толбой калууда. Болочок мугалимдерге кам көрүү иретинде алардын стипендиясын көтөрүп берүү үчүн 9 миллион сомдун тегерегиндеги каражат кетет. Бул сумма атайын адистердин жардамы менен эсептелди. Мындай пикирин парламентте мамлекеттик бюджеттин мыйзам долбоору каралып жаткан учурда депутат Жанар Акаев билдирди.

Акаев мындай кадам менен болочок педагогдорго «менин өкмөтүм кам көрөт» деген дем берүү керектигин айтып, стипендияны дагы 30 пайызга жогорулатуу кетектигин сунуштады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жанар Акаевдин сунушун колдоого алууга боло турганын айтты.

«Сөсүз түрдө мектептерде мугалим болуп эмгектенем деген педагогдорду колдойлу», — деди өкмөт башчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>