Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Жаңы мамлекеттик катчы дайындалды
02.12.2025 | 10:43

Арслан Койчиев мамлекеттик катчы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
60 жаштагы Арслан Койчиев Кыргызстандын тарыхы боюнча адис. Ал Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин жана Лондон университетинин Чыгыш жана Африка таануу мектебин бүтүргөн.
- 1994–1996-жылдары «Азаттык» үналгысынын Бишкек кызматында кабарчы болуп иштеген.
- 1996–2010-жылдары BBCнин Дүйнөлүк кызматынын Кыргызстан боюнча продюсери болгон.
- 2021-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси болуп дайындалган.
- 2022-жылдын июнунан тарта Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп иштеген.
- 2022-жылдын 20-декабрынан тарта Президенттин кеңешчиси болуп иштеп келген.
Белгилей кетсек, буга чейин мамлекеттик катчы кызматын Марат Иманкулов аркалап келген. Ал президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат