Жапаров: Өлкөнү оңдобосом атамдын, баламдын арбагы кечирбес — видео

Жапаров: Өлкөнү оңдобосом атамдын, баламдын арбагы кечирбес — видео

Кыргызстанды өнүктүрөм деген кыялым үчүн көп жоготууларга учурадым, бул максатымды ишке ашырбасам жакындарымдын арбактары кечирбес. Мындай пикирин Садыр Жапаров кечээ, 10-январда президенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.

Ал кыйын кырдаалда бийликке келип жатканын, 30 жылдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн элдин колдоосу керектигин айтты. 

“Мен Кыргызстанды оңдойлу, элдин жашоосун жогорку деңгээлге жеткирели деп өтө чоң орду толгус жоготууларга учурадым.  Эгер мен ошол кыялдарымды ишке ашырбасам, мени атамдын, апамдын, баламдын арбактары кечирбес”, — деген пикирин айткан Жапаров сөзүн жыйынтыктап жатып.  

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>