Жапаров: Дүйшөмбү күнү баш мыйзамга каршы чыгып жаткан ана башчынын жүзүн ачам

Жапаров: Дүйшөмбү күнү баш мыйзамга каршы чыгып жаткан ана башчынын жүзүн ачам

Президенттикке талапке Садыр Жапаров дүйшөмдү күнү Баш мыйзамдын долбооруа каршы чыгып жаткан ана башчынын жүзүн ачарын айтты. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазып, сөз ким жөнүндө болуп жатканын ачыктаган эмес.

“Баш мыйзамдын долбоору жалгыз гана Садыр Жапаровдуку, ал диктатура орнотуп жатат деп өлүп-талып маалымат таратып жаткан жүзү кара акмактарга айтаарым төмөнкүчө: Бул баш мыйзамдын долбоору 2011-жылдан бери Курултайчылар жана жалпы эл тарабынан сунушталып келе жатат. Буга чейинки бийликтер тоготпой келген. Биз анча-мынча кемчиликтерин толуктап гана (албетте кемчиликтер бар) элдин талкуусуна алып чыктык. Бул бир кишинин же бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам эмес. Жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам. Бул баш мыйзамга каршы чыгып жаткан ана башчынын чыныгы жүзүн келе жаткан биринчи күнү ачам“, – деп жазды Садыр Жапаров.

Белгилей кестек, 80 депутат демилгечи деп көрсөтүлгөн Баш мыйзамдын жаңы долбоору 17-ноябрда коомдук тулкууга чыккан. Жаңы долбоордо президенттин ыйгарым укуктары көбөйүп калганы үчүн бир катар саясатчы жана жарандык коом өкүлдөрүнүн сынына кабылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>