Кыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктериПрезидент бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койдуКыргызстандагы КММ баалары: учурдагы абал жана өкмөттүн бааны ооздуктоо боюнча чаралары«Жалындуу чабуул» жана «Матросовдун эрдиги»: Бишкектин картасындагы эрдиктин символдору
Жапаров: Дүйнөдөгү реформаторлордон акыл сурайбыз
27.10.2021 | 14:11
Грузиянын экс-премьер-министри Николоз Гилаури, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын мурдагы жетекчиси Сума Чакрабарти өңдүү реформаторлор Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевге кеңешчи болуп кандай гана кеңештерин берип жатат. Сиздер да ушундай адамдарды алып келгиле акылын алгыла, Президент сизге ишенип жатат, китептегидей реформаларды кылууга болот. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго берди.
Ал эми Акылбек Жапаров болсо “жаңы жылга чейин баарын иретке келтирип алалы. Эдил Байсаловдун Англияда да тааныштары бар экен. Дагы башка сиз айтып жаткандай реформаторлорду кеңешчи кылабыз. Биз акыл сурагандан уялбайбыз” деп жооп берди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат