Чыңгыз Эсенгулов Маданият министринин орун басары болду

Чыңгыз Эсенгулов Маданият министринин орун басары болду

Чыңгыз Эсенгулов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге министрлер кабинетинен билдиришти.

Эсенгуловду президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Исанов эмгек жамаатына тааныштырды.

Чыңгыз Эсенгулов 1987-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Кыргыз улуттук университетин бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистиги боюнча аяктаган. Кийин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында билим алган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

2006-жылы «Теңир-Тоо» радиосунун кабарчысы жана алып баруучусу;
2006-2007-жылдары «Алмаз-Нарын» радиосунун кабарчысы жана алып баруучусу;
2007–2008-жылдары КТРКда «Ала-Тоо» программасынын кабарчысы; Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын консультанты;
2008–2009 — «БАМ» ЖЧКсында программалардын редактору жана алып баруучусу;
2009–2011-жылдары – КТРКда “Ала-Тоо” программасынын жетектөөчү редактору жана алып баруучусу, ошол эле учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз катчысы;
2011–2012-жылдары — Транспорт жана коммуникациялар министринин кеңешчиси;
2012–2013-жылдары – КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият боюнча атташеси;
2013–2016-жылдары – «Актив-Курулуш» ЖЧКсынын директору;
2016-2018-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат башчысынын басма сөз катчысы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>