Президент Садыр Жапаров Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим жана агасы Жаныш Бакиевдер Кыргызстанга келсе, камаларын билдирди.
Жапаров Кыргызстанга Максим Бакиев келип кеткети тууралуу билдирүүлөр боюнча «Кабар» агенттигине чакан маек куруп, Максим менен Жаныш Бакиевдер өмүр бою соттолгонун, кокус өлкөгө келсе, түз эле түрмөгө түшөрүн айтты.
«Соттун күчүнө кирген өкүмү турат. Ал өкүмдү эч ким өзгөртө албайт. Өзгөртүлбөйт дагы. Ошондуктан аларды берүүдөн таптакыр баш тартышты. Себеби биз ал экөөнү камабай коё албайбыз да», -дейт
Сөзүн улай ал Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, аны «камабасаңар, өткөрүп берели» деген сунуштар болуп жатканын билдирди.
«Эгер камабасаңар, өткөрүп берели» деп жатышат. Сапар Исаков боюнча дагы ушундай эле маселе. «Камабасаңар бүгүн өткөрүп берүүгө даярбыз» дешти. Биз ойлонуп жатабыз. Бир чети макул деп алып келип ЖЭБ боюнча, музей боюнча сурабайлыбы? Кимдер канча акча алганын айтып берсе болду. Акчаларды бюджетке кайтарып алыш күч органдарынын иши. Уурдалган миллиардаган акчаларды ушундай жолдор менен эле кайтардык го.
Ал эми Курманбек Бакиев боюнча деле ушундай маселе. Ячейкаларда канча акча болгон. Максимдин офисинен уурдалып кеткен алтын концентраты жөнүндө сөз болуп жатат. Канча тонна болгон.
Апрель, июнь окуялары жана башка иштер боюнча ал кишиден да экинчи тарап катары угуп, иштерди жыйынтыктап койбойлубу. «Кантип эле ушул турган Москва менен Минскден алып келе албай жатасыңар» деп 15 жылдан бери жалпы эл талап кылып келе жатпайбы», — дейт ал. .
Жапаров Максим Бакиев өлкөгө келсе, ал камалап, миллиарддар бюджетке кайтарыларын билдирди.
«Жалган маалымат тараткандар ушул сүйлөшүүлөрдүн чет бучкагын укса керек. Ошол үчүн Максим Бакиев деп болжолдоп урдуруп жатышса керек.
Кана эле Максим Бакиев келип калган болсо. Камап коюп миллиардаган акчаларды бюджетке кайтарат элек», — дейт Жапаров.
Эскерте кетсек, 2005-жылы 24-марттагы төнкөрүштөн кийин бийликке келген Курманбек Бакиев 2010-жылы 7-апрелдеги төңкөрүштөн кийин бийликтен түшүп, Беларуска качкан. 7-апрелдеги төңкөрүштө 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган.
Кийин Курманбек Бакиев 30 жылга сыртынан соттолгон.
Буга чейин Садыр Жапаров Курманбек Бакиев 30 жылга соттолгонун, өлкөгө келсе, камаларын билдирген.