Жапаров менен Си Цзинпин Ысык-Көлдөн Кытайга кеткен жолду салуу маселесин талкуулады

Жапаров менен Си Цзинпин Ысык-Көлдөн Кытайга кеткен жолду салуу маселесин талкуулады

Президент Садыр Жапаров 3-июлда Астанада Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, алар 4-июлда Астанада өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышат.

Жапаров менен Си жолугушууда «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу, быйыл кыргыз-кытай чек арасында жаңы «Бедел» өткөрмө бекетин ачуу жана андан кийин «Барскоон – Үч-Турфан – Аксу» жолун салуу маселелерин талкуулашкан. Жапаровдун айтымында, учурда аталган унаа жолдун техникалык-экономика негиздемеси даярдалууда.

Ошондой эле Ош – Кашгар аба каттамын ачуу тууралуу сөз болуп, Си Цзинпин бул демилгени колдой турганын билдирген.

Жапаров Кытайдын төрагасын Кыргызстанга, ал эми Си Жапаровду Кытайга сапар менен келип кетүүгө чакырган.

Эскерте кетсек, «Бедел» өткөрмө бекети Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда, кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан. Аны 77,8 млн сомго куруу пландалууда. Ошондой Ысык-Көлдөн Кытайга кеткен «Барскоон – Үч-Турпан – Аксу» жолу салынат.

Ысык-Көлдөн Кытайга каттоо үчүн дагы бир өткөрмө бекет ачылат

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>