Тигүүчүлөр жана электрондук соода менен алектенгендер бирдиктүү салыктан убактылуу бошотулдуНарында ок атуу боюнча жаңы спорттук тир ачылдыКыргыз улуттук филармониясы жана Кореянын Сеул искусство жана маданият фонду кызматташатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» шаттл-автобустар каттайт – даректерКылымдарды карыткан Кытай: Бишкекте өзгөчө эл аралык көргөзмө ачылдыБишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлат
Төрт айда 666 ымыркай чарчап калды
04.07.2024 | 09:56
Жыл башынан бери чарчап калган ымыркайлардын 68 пайызына перинаталдык мезгилдеги кырдаал себеп болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин айлык отчетунда айтылат.
Январь-апрель айларында 46,3 миң бала төрөлүп, бир жашка чейинки 666 ымыркай чарчап калган.
Ымыркайлардын өлүмүнө көбүнчө перинаталдык мезгилдеги (28 аптадан төрөлгөндөн кийинки 1 жумага чейинки убакыт), төрөттөн кийинки абал себеп болот. Андан төрт айда 451 бөбөк (68 пайызы), 95и (14 пайызы) – түйүлдүк учурундагы өнүгүүнүн тубаса кемтиктеринен, 77 бала (12 пайызы) – дем алуу органдарынын ооруларынан 77 бала (12 пайызы) каза болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом