Жапаров Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Жапаров Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулашты.

Садыр Жапаров Владимир Путинге Кыргызстанга көрсөтүп жаткан колдоосуна, анын ичинде коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштөгү колдоосуна ыраазычылыгын билдирди.

Президенттин милдетин аткаруучу маектешин Орусия ШКУга ийгиликтүү төрагалык кылышы менен куттуктап, Уюмдун өнүгүшүнө жаңы дем бергенин айтты.

Сүйлөшүүнүн аягында Садыр Жапаров Кыргызстандын Орусия менен болгон мамилелерди мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын өңүтүндө өнүктүрүү ниети бар экенине ишендирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>