Президент Садыр Жапаров кечээ, 24-февралда, Москва шаарында мекендештер жана Орусияда жогорку окуу жайларда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту.
Анда Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуунун жыйынтыктары Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал боюнча сөз сүйлөдү.
Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Анын жүрүшүндө президенттен эмнеге “Мекенчил” партиясы шайлоого катышпастыгы тууралуу суроо да узатылды.
Ага өлкө башчысы акыйкат шайлоо өткөрүү үчүн бул кадам жасалганын айтып жооп берди.