Жапаров: Текебаев Маевскийден 1 млн доллар алганы анык – видео

Жапаров: Текебаев Маевскийден 1 млн доллар алганы анык – видео

Текебаевдин Маевскийден 1 млн доллар алганын бардык саясий элита билет. Бул туурасында президенттикке талапкер Садыр Жапаров «7-каналга» берген интервьюсунда айткан.

«Муну бардык саясий элита билет. Депутаттар бардыгы билет. Керек болсо Кулов дагы билет. Кулов калп десе Өмүрбек Суваналиев тастыктап берет. Мен дагы тастыктап берем. “Мегакомду” эки группа сата турган болгон. Бирөө Текебаевдин группасы, бирөө башка группа болчу. Текебаевдин группасы Маевскийге сатам деп сүйлөшүп, алдын ала 1 млн долларын алып 2010-жылкы шайлоого жумшаган. Андан кийин анан, шайлоодон өтүп келип сатмак дагы калган акчасын чөнтөк кызыкчылыгына алмак 10-15 млн долларды. Ошол мезгилде “Мегакомду” чырылдап жүрүп мен сактап калгам”, – деди Жапаров.

Саясатчы Өмүрбек Текебаев азырынча Садыр Жапаровдун бул айткандарына карата комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда коомдук тулкууга чыккан баш мыйзамдын жаңы долбооруна карата Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев кескин сындарды айткан. Буга улай Садыр Жапаров Instagram баракчасына билдирүү жазып, “долбоорго каршы чыгып жаткан ана башчынын жүзүн ачап” деп эскерткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>