Жапаров: Жаңы Конституциянын автору 80 депутат да мен дагы эмесмин  

Жапаров: Жаңы Конституциянын автору 80 депутат да мен дагы эмесмин  

“Конституциянынын жаңы долбооруна автор эмесмин” деп баш тарткан депутаттар Текебаевден коркуп ушундай кадамга барышты.  Мындай пикирин Садыр Жапаров 7 — каналга берген маегинде айтты. 

Ал аталган долбоорго автор эместигин ал жака бар болгону 2 гана сунуш киргизгенин, анын чыныгы авторлору Азимбек Бекназаров,  Бекбосун Бөрүбашев, Баяс Турал баштаган 20дай адам экендигин айтты.

“Бул долбоор 2010-жылы Текебаевдин Конституциясына альтернатива катары киргизилген. Ошондон бери тынбай талкууланып келе жаткан. Муну мен жазган жокмун болгону 2 гана сунуш киргиздим. Мунун башында автор катары Азимбек Бекназаров,  Бекбосун Бөрүбашев, Баяс Турал баштаган 20дай адам турат.

Биз саясий реформаларды өткөрүп, баарын түзүп, анан саясатты унутуп, баарын ак барактан баштап, экономика менен алектенели дегенбиз. Ошондуктан 2010-жылдан бери келе жаткан долбоорду парламентке киргизгенбиз. Анткени мыйзам жазуу укугу, парламент, өкмөт жана 10 миң шайлоочуда гана бар. Бул Конституциянын долбоорун жазган 20дай адам менен уюмдарда андай укук жок. Ал жакта 80 депутат демилгечи болгон автор эмес. Кол койгон депутаттар өздөрү да түшүнбөй калды. Текебаев кыйкырып чыкса, ии бул туура эмес кирип аткан окшойт деп колдорун чакыртып алган 4-5 депутат болду. Алар түшүнбөй колдорун чакыртып алышты”, — деди Жапаров. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>