11-январда демилгечилер Бишкектин борбордук аянтында президенттик шайлоонун жыйынтыгына карата иш-чара уюштурушту. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Буга байланыштуу Чүй проспектиси саат 13: 00дөн баштап кийинки билдирүүгө чейин убактылуу жабык болот.
Социалдык тармактарда президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун тарапташтары аянтта концерт өткөрүп жатканы кабарланды.