Жапониялык ишкана Кыргызстандын транспорт тармагына инвестиция салууга кызыкдар

02.10.2025 | 16:08

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров Жапониядагы алдыңкы транспорттук ишкана Nagoya Railroad Co., Ltd.нин өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу аталган агенттик билдирди.

Маалыматка ылайык, жапон делегациясын аталган ишкананын директорлор кеңешинин төрагасы Такаши Андо жетектеп келген.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, мамлекеттик колдоо чараларын жана чет өлкөлүк инвестицияларды коргоо механизмдерин камтыган кеңири маселелерди талкуулашкан.

Жапон тарап Кыргызстандагы транспорттук коридорлорду модернизациялоо жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө кызыкдар экендигин билдирген.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мындан аркы кызматташуунун перспективдүү багыттарын биргеликте иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилген. Анын ичинде Кыргызстандын экономикасына Жапониядан узак мөөнөттүү инвестицияларды тартууга шарттарды түзүү маселеси да камтылган.

Scroll to Top