Жапыкеев Жумалиев тууралуу билдирүүсүн төгүндөп, моралдык чыгым төлөп бермей болду  

Жапыкеев Жумалиев тууралуу билдирүүсүн төгүндөп, моралдык чыгым төлөп бермей болду  

Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин активист Сыймык Жапыкеевге карата жазган арызы боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу «Репортерго» депутаттын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди.

“Ленин райондук сотунун чечими бүгүн, 6-августта чыкты. Анда сот Кубанычбек Жумалиевдин Жапыкеевге карата берген доо арызын жарым-жартылай канааттандырды. Ага ылайык, Жапыкеевден Кубанычбек Жумалиевдин пайдасына 10 миң сом компенсация өндүрүлөт.  Мындан сырткары ал Фейсбук баракчасы аркылуу мурунку билдирүүлөрүн төгүндөөгө милдетендирилди»,  — деди жактоочу.

Буга чейин Сыймык Жапыкеев “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу Жумалиевди кескин сындап,  ал бүт байлыгын мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп уурдап тапкан деп айтып чыккан.

Кийин Жумалиев Жапыкеевдин айткандарына жооп берип,  өлкө казынасына бир дагы жолу кол салбаганын куран кармап карганган.

Кийин Жумалиев «ар-намысыма шек келтирди» деп Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>