Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Жараксыз мектепте окуучулар кол чатыр менен отурушат, – депутат
25.05.2022 | 18:18
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жергез айылындагы мектептин курулушу 4 жылдан бери токтоп турат. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев билдирди.
Анын айтымында, балдар полу чириген мектепте окуп жатышат.
“Жамгыр жааган учурда балдар мектепте кол чатыр менен отурушат. Чатырдан суу акканда тазиктерди коюп коюшат экен. Полдору чирип, мектеп жараксыз абалда. Билим берүү жана илим министрлигине бул маселени көзөмөлгө алышын тапшырып койгула. Котлован казылган бойдон турат. Дене тарбия сабагы бир нече жылдан бери өтүлбөйт. Окуучулар аңга түшүп кетсе ким жооп берет? Бизге видеосун жиберип, жардам сурап жатышат. Билим берүү министрлиги жоопкерчиликти алсын”, – деди депутат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом