Жарандар автоунааларды импорттоодо жана сатууда киреше салыгынан бошотулду

Жарандар автоунааларды импорттоодо жана сатууда киреше салыгынан бошотулду

Автоунааларды чет өлкөдөн ташып келген жана саткан жарандар киреше салыгынан бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Ага ылайык, жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке жактар сатып алган күндөн тартып бир жылдан кем эмес жеке менчикте болгон автоунааларды импорттоодо жана сатууда 2022-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алынган кирешеден салыктар боюнча, анын ичинде пайыздардын жана туумдардын суммалары боюнча жоопкерчиликтен жана милдеттенмени аткаруудан бошотулат.

Бирок жарандар төмөнкү шарттардын негизинде киреше салыгынан бошотулушат:

1.  Эгерде карыз боюнча өндүрүп алуу жөнүндө сот чечими жок болсо гана аталган салыктан бошотулат.

2. Эгерде салык буга чейин төлөнгөн болсо, анда ал кайтарылып берилбейт.

Салык кызматы бул иш-чара салык мыйзамдарын билбеген же алдамчылыктын курмандыгы болгон, келечекте салык милдеттенмесин албай тургандыгына ишенип, автоунааларды өз атына каттаткан жарандарды колдоого багытталганын билдирди.

Буга байланыштуу бул жеңилдик бир жолу гана берилет.

Салык кызматы алдамчылык иштерге жол бербөө үчүн жарандарды паспорттук маалыматтарын жана документтерин башка бирөөлөргө сый акы үчүн бербөөгө чакырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>