Жарылуучу зат бар деген Москва – Бишкек рейсиндеги учак текшерилди.
ӨКМдин маалыматына караганда, 21-сентябрь күнү саат 14:53тө ӨКМдин ККББнын ыкчам нөөмөт бөлүмүнө Москва – Бишкек багытындагы учактын ичинде жарылуучу зат бар экендиги тууралуу маалымат “Манас” эл аралык аэропортунун диспетчеринен түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу, УКМКнын кызматкерлери тартылып тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшкөн. Маалымат тастыкталган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз