COP31: Кыргызстандын павильонунда климаттын тоо туризмине таасири талкууландыБишкекте Манас көчөсүндө бир акцияда 6 миң көчөт отургузулдуМуниципалдык мүлктү жергиликтүү кеңештин макулдугусуз күрөөгө коюу сунушталуудаБишкекте балдардын коопсуздугу боюнча ата-энелер чогулуштары өттүЖапаров Жети-Өгүз жана Тоң тургундарынын кайрылууларын кароону тапшырдыЭркин Болжуров — фотография, кино, президенттер жана живописке кайтуу жөнүндө
Чек арада түн тынч өттү – видео
22.09.2022 | 08:58
Бүгүн, 22-сентябрь саат 08:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт.
Чек ара кызматынын маалыматына караганда, түн тынч өттү, эч кандай окуя катталган жок.
Чек ара аймактарын жарылбаган снаряддардан, миналардан, ок-дарылардан жана башка жардыргыч заттардан тазалоо жана зыянсыздандыруу боюнча иштер уланууда.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин маалыматына караганда,эки өлкөнүн облус жетекчилигинен түзүлгөн иштөө тобу бүгүн да чек арада иш алып барышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар