Баткенге жиберилген гуманитардык жардамдын эсеби

Баткенге жиберилген гуманитардык жардамдын эсеби

Баткен облусунда жалпы 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 131 миң 159 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 22-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 4412 жаран эвакуациялык пунктарда, 5590 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Ал эми Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

“Баткен облусуна жалпы 1131 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 166 тонна ӨКМ тарабынан, 792 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 172 тонна гуманитардык жардам турат”, — деп билдирет маалыматта.

Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө.

Бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 184 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда. Алар:

— Ош облусунда – 44;

— Жалал-Абад облусунда– 13;

— Нарын облусунда – 6;

— Ысык-Көл облусунда – 64;

— Талас облусунда – 43;

— Чүй облусунда – 12;

— Ош шаарында –1;

— Бишкек шаарында – 1.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Баткен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>