Жасалма номер тагылган унааны айдоочулук күбөлүксүз башкарып бараткан адам кармалды — сүрөт

Жасалма номер тагылган унааны айдоочулук күбөлүксүз башкарып бараткан адам кармалды — сүрөт

Бишкек шаарында автоунаасына жасалма номер тагып, айдоочулук күбөлүксүз айдап бара жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Милициянын кайгуул кызматы Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүндө терезелери караңгылатылган  «Subaru Legacy» үлгүсүндөгү автоунааны токтоткон. Текшерүү иш-чарасында ал автоунаага тагылган номердин жасалма экени жана 28 жаштагы ээси  айдоочулук күбөлүксүз айдап бара жатканы белгилүү болгон. 

Натыйжада «Subaru Legacy» айып аянтчасына токтотулуп, тийиштүү протокол толтурулуп, ээсине айып пул салынган. 

Ошондой эле иш иликтөөгө Бишкек шаарынын Ички киштер башкы башкармалыгына жөнөтүлгөн. 

[su_image_carousel source=»media: 46865,46866,46867″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>