Кыргызстанда 2025-жылдагы жаратылышты коргоо ишинин жыйынтыктары чыгарылды: 4 млн сом айып пул жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды алууКыргызстан Евробиримдиктин мүмкүн болгон санкцияларын сотто талашууга даярЮНЕСКО VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий патронаж бердиКадамжай районунда «Анхор» каналын оңдоо иштери аяктап, дыйкандарга суу бериле баштадыАКШнын Иранга басып кириши. Эксперт глобалдык терроризмдин жаңы доорун божомолдоодоБишкекте жоогазындар фестивалы өтүп жатат
Жаш Гвардия бульварынын оңдолгон бөлүгү 9-майда ачылды
09.05.2025 | 12:17
Бүгүн, 9-майда оңдоо иштеринен кийин Жаш Гвардия бульварынын Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки батыш тарабы ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Эми аталган тилкенин чыгыш тарабы оңдоого жабылат. Ал эми оңдолгон батыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.
Мэрия жакынкы күндөрү жол боюндагы аймакты көрктөндүрүү жана унаа токтотуучу жайларды оңдоо иштери жүргүзүлөрүн билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом