Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Жайыт жерге уруксаты жок эс алуучу жай салган «Эко-резорттун» ээси кармалды
03.09.2025 | 11:04

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Аламүдүн районунун Арашан айылында жайгашкан «Эко-резорт» эс алуу жайын мыйзамсыз курган Э.Ш.Ж.ны кармаганын билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү 6,1 гектар жайыт жерди өзүнүн билемдиги менен ээлеп алып, уруксатсыз курулуштарды жүргүзгөн. Анын негизинде аймакка 15 конок үйү, банкеттик залдары бар мончолор, ресторан, 2 кабаттуу административдик имарат, банкеттик зал, 3 кабаттуу бүтө элек имарат, кабиналар, беседкалар жана башка чарбалык объектилер курулган.
УКМК билдиргендей, объект архитектура жана экология органдарынан ээриче долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтерсиз курулган.
Аталган факт боюнча шериктештер, анын ичинде кызмат адамдары аныкталууда жана тергөө иштери улантылып жатат.
Рубрики: Жаңылыктар