Жайыттарды бузгандардын унаасы конфискацияланат – Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров тоо боорун жана жайыттарды квадроцикл, жол тандабас менен тебелеген учурлар көбөйүп жатканын белгилеп, мындай көрүнүшкө каршы чара көрүүнү тапшырды.
Мамлекет башчысы ИИМ менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жайыттарды, көк шиберди бузгандарга айып пул салуу жана техникаларын конфискациялоо мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.
Жапаровдун айтымында, айрым жарандар жана туристтер унааларын тоого чыгарып, жолсуз жерлерден айдап, көк шиберди талкалап, жаңы издерди салып жатышат.
Президент белгилегендей, бул маселе өлкө боюнча кеңири жайылып, массалык мүнөзгө ээ болууда. Ошондуктан жергиликтүү бийлик органдары да бул ишке тартылышы керек.
Мамлекет башчысы жарандарга кайрылып:
«Тоо-ташка эс алганы чыккандар унааларыңарды жол менен айдап, жол бүткөн жерден жөө баскыла же ат миниңиздер. Ата-бабалардан калган кооз жаратылышыбызды кийинки муунга бузбай, таза сактап өткөрүп берели», — деди.