ИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалдыБишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилетЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштуратЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырдыКазакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификациялады
ЖЭБти калыбына келтирүүгө тартылган жумушчуларга кошумча акы төлөнөт
04.02.2024 | 12:00
Бишкек жылуулук электр борборун кырсыктан кийин калыбына келтирүү иштерине тартылган жумушчуларга кошумча төлөмдөр берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал окуя болгон жерде коопсуздук чараларын сактоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 870 адам, 43 техника тартылды.
Анын ичинен ӨКМден 133 куткаруучу, жарандык коргонуу кызматтарынан 405 кызматкер, курулуш компанияларынан 338 куруучу жана ЖЭБтин жумушчулары иш алып барууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом