Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
ЖЭБтеги кырсык. Жабыркагандар президенттик учак менен Түркияга жөнөтүлдү
04.02.2024 | 11:00
Бишкек жылуулук электр борборунда жабыркаган эки жаран президенттик ТУ-154 учагы менен Түркияга учуп кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бейтаптарды кыргызстандык эки дарыгер жана туугандары коштоп барат. Алар Түркиянын клиникаларынын биринде дарыланат.
ЖЭБтин кызматкерлери менен бирге Коргоо министрлигинин кулаган тик учагында жаракат алган эки аскер кызматкери дагы учуп кетишти.
Белгилей кетсек, ЖЭБтеги кырсыкта жабыркаган 23жана 34 жаштагы 2 бейтаптын абалы оор. Алардын биринин денесинин 90 пайызы, экинчиси 80 пайыз күйүк алган. Жабырлануучулардын бети, мойну жана колу-буту күйгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом