Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы ассамблеясынын төрайымы Анналена Бербок менен жолукту

Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын төрайымы Анналена Бербок менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Жолугушууда министр Жээнбек Кулубаев Анналена Бербокту жогорку кызматка шайланышы менен куттуктап, төрагалык кылуу мезгилиндеги ишине ийгилик каалаган.
Министр өлкөнүн БУУнун 80-сессиясында көтөрүп чыккан негизги демилгелери жана артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берип, өзгөчө климат жана тоолор темасынын маанилүүлүгүн баса белгилеген. Ушул өңүттө ал 2027-жылы өтө турган жогорку деңгээлдеги “Бишкек+25” эл аралык саммитине даярдыктар тууралуу маалымдап, Анналена Бербокту бул иш-чарага активдүү катышууга чакырган.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара колдоо көрсөтүүнү макулдашып, эл аралык тынчтык, туруктуулук жана туруктуу өнүгүү үчүн конструктивдүү кызматташууну улантууга даяр экенин ырасташкан.