Орловка шаарынын 13 жылдык мааракеси белгиленди

29.09.2025 | 14:29
Орловка шаарынын 13 жылдык мааракеси белгиленди — Новости Кыргызстана

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарында шаар макамын алганынын 13 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар өттү. Бул тууралуу өздүк кабарчыбыз билдирди.

Орловка шаарынын 13 жылдык мааракеси белгиленди — Новости Кыргызстана
Орловка шаарынын 13 жылдык мааракеси белгиленди — Новости Кыргызстана
Орловка шаарынын 13 жылдык мааракеси белгиленди — Новости Кыргызстана
Орловка шаарынын 13 жылдык мааракеси белгиленди — Новости Кыргызстана

Салтанатка Орловка шаарынын мэри Аман Койшыбаев, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Асел Жуманалиева, райондун акими Айгүл Курманалиева, Орловка шаардык кеңешинин төрагасы Мурат Токтакунов, ошондой эле шаар тургундары жана коноктор катышты.

Майрамдык программа белгилүү ырчылар Динара Акулова, Каныкей Алымбекова, Камир жана Тариэлдин катышуусунда концерт менен башталды. Андан соң футбол, волейбол жана көк бөрү боюнча спорттук мелдештер өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, Орловка шаары 2012-жылы шаар макамын алган, ал эми 2023-жылдагы расмий маалыматтарга ылайык, калкынын саны 7269 адамды түзгөн.

Scroll to Top