ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Ысык-Көлдө Түп — Кеген жолу Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылды
29.09.2025 | 14:50

Ысык-Көл облусунда узундугу 52 чакырымды түзгөн Түп — Кеген жолу пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров катышты.
Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, жолдун 39–76-чакырымындагы тилке жана Каркыра – Турук – Сары-Жаз автожолунун 13 чакырымы заманбап стандарттарга ылайык толугу менен жаңыдан курулган.
Президент Садыр Жапаров белгилегендей, бул трасса Ысык-Көлдү боордош Казакстандын Алматы облусу жана Алматы шаары менен туташтырып, чоң экономикалык жана социалдык мааниге ээ болот.
«Бул — күнү-түнү, жылдын бардык мезгилинде иштей турган, жаркыраган түптүз трасса. Долбоордун алкагында жолду кышында тейлей турган атайын техникаларды сатып алуу да каралган», — деди мамлекет башчысы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом