Абакта жаткан Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого катышуу үчүн арыз жазганы атайын Бордордук шайлоо комиссиясынын имаратына кирип кетти. Аны Жазаларды аткаруу кызматынын атайын унаасы алып келди. Бул туурасында жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Буга чейин анын суранычын БШК орундаткан эмес. Сот макул болгон.
Равшан Жээнбеков бир мандаттуу округдан шайлоого катышаарын билдирген болчу.