Жээнбеков: Талаптарды аткарбаган коомдук транспортторго чаралар көрүлсүн

Жээнбеков: Талаптарды аткарбаган коомдук транспортторго чаралар көрүлсүн

Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдө кармап, анын курчушуна жол бербөө үчүн жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги чоң. Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Ал облустардын жетекчилеринин, райондордун акимдеринин, шаар мэрлеринин кырдаал үчүн жеке жоопкерчилигин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков коомдук транспорт илдетти жугузуп алууда дале эң кооптуу жай боюнча калып жатканына көңүл бурду.

«Талаптарды аткарбай жаткан коомдук транспорт компанияларына карата тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Ресторан, кафелерге уруксат берилген. Бирок, алар да коюлган талаптарды так аткарууга милдеттүү», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы бул илдетти алдын алууга ар бир жаран катышууга жана дарыгерлердин айткандарын аткарууга милдеттүү экенин кошумчалады.

Айрым жарандар өздөрү оорубай, бирок вирусту алып жүрүүчү катары коомго коркунуч жаратып жатканын баса белгиледи.

«Ошондуктан коомдук жайларда беткап режимин катуу сактоо, оорунун белгилери байкалса, обочолонуу талаптары актуалдуу бойдон калууда», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мындан сырткары, чет элден келип, 14 күнгө карантинге, обсервацияга алынгандар катуу көзөмөлдө болушу керектигине көңүл бурду. Себеби, коомчулукта ушул сырттан келгендер эле жугузбаса, кайдан жугуп жатат деген сөздөр арбын.

Жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков Республикалык штабга, Саламаттыкты сактоо министрлигине, облус жетекчилерине, район акимдерине жана мэрлерге илдет менен күрөшүү темпин мурдагыдан да күчөтүү талабын койду.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>