Автобуста кызды кармалаган чет элдик жаран Кыргызстандан депортацияланатСоттук-эксперттик кызмат жана УКМК жаңы криминалистикалык жабдууларды алыштыНоокатта УКМК кызматкерлерине кызматтык батирлердин курулатИри түркиялык ишканалар «Ала-Тоо Резорт» курортунун курулушуна кызыкдарЖапаров Борбор Азияны терроризмге каршы биригүүгө чакырдыКыргызстандын курулуш министрлигинин кара тизмесине 44 компания киргизилди
Жээнбековдун жардамчысынын иши сотко өттү
14.02.2022 | 13:23
Саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиевага карата козголгон иш сотко өттү. Бул туурасында Кудайбердиева “Фейсбуктагы” өзүнүн баракчасы аркылуу билдирди.
“Урматтуу достор, коллегалар жана пикирлештер,
Силер баарыңар жакшы билгендей эле, мен дагы көптөгөн журналисттер, жарандык активисттер жана саясатчылар сыяктуу эле Р. Джеенбековдун саясий иштерине жардам бергеним үчүн УКМК тарабынан бир нече ай бою басымга жана куугунтукка дуушар болуп келем.Эми ал жактагы куугунтукту бүтүрүшүп, менин ишимди сотко өткөрүштү.Жакында эле оппозициячыл саясатчы Р.Жээнбековту бийлик түрмөдөн чыгарды бирок анын жакындары – карындаштары жана мен жасалма кылмыш иштерине тартылуудабыз. Карындашы, Мира Джеенбекова УКМК тарабынан “104 квартирага” күнөөлөнгөн. 104 квартираны таба алышпады. Бүгүнкү күндө айлалары кетип 4 сотых жер боюнча кылмыш ишин улантышууда.Ал эми мени, УКМКнын тергөөчүсү Н. Алыйманов 2019-жылы “чек-араны туура эмес өткөнсүн” деп кылмыш ишин фальсификациялап, ишти сотко өткөрдү.Бүгүн, саат 14:30да Биринчи Май райондук сотунда, мени кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча соттун биринчи отуруму болот.Урматтуу журналисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана пикирлештер менин соттук процессиме баарыңарды чакырам” – деп жазды.
Адам укугу боюнча Европа институтунун студенти Айсулуу Кудайбердиева буга чейин атайын кызматта бир нече жолу суракта болгонун айткан.